Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетектөөчү адиси Рашид Акколиевдин айтымында, Жибек Жолундагы эки тилкелүү көпүрө алты, Ауэзов көчөсүндөгүсү төрт тилке болуп кеңейтилүүдө. Эки тарабына жөө адамдар баскан тилке түшөт.
"Ушул жылдын декабрь айына чейин көпүрөлөрдү салып, жолду ачабыз. Аба ырайы жакшы болсо асфальтын кошо басабыз. Эгер күн сууктап, абанын табы -5 градустан ылдыйлап кетсе, убактылуу асфальттын кырындысын төшөй турабыз", — деди Акколиев.
Жибек Жолундагы көпүрөнүн баасы — 128 миллион сом. Ауэзов көчөсүндөгү инфратүзүм 144 миллион сомго курулууда. Көпүрөлөргө Алматыдан куюлуп келген бетон устундар жаткырылат. Аларды чек арадан алып өтүү убакытты алгандыктан Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу кечеңдеп жатканы айтылды. Ал эми Жибек Жолундагы курулушта көпүрөнүн пайдубалын тургузуу үчүн дарыянын таманы казылууда. Негизи даяр болгон соң бетон устундар жаткырылат.
Белгилей кетсек, борбордун түштүгүндө Шүкүров көчөсүндө да Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу өткөн көпүрө салынууда. Ал дагы быйыл бүтөт.
Тема боюнча: