https://sputnik.kg/20251014/kopurolor-dekabr-ayyna-cheyin-butot-1097148352.html
Жибек Жолу менен Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөлөрдүн курулушу кайсы этапка келди? Видео
Жибек Жолу менен Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөлөрдүн курулушу кайсы этапка келди? Видео
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мурдагы Чыгыш автобекети тарапта Жибек Жолу проспекти жана Ауэзов көчөсүндө салынып жаткан көпүрөлөрдүн курулушу ушул жылдын декабрь айына чейин... 14.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-14T19:30+0600
2025-10-14T19:30+0600
2025-10-15T17:44+0600
кыргызстан
бишкек
көпүрө
курулуш
инфратүзүм
асфальт
бетон
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0e/1097154569_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_dd9ea9596c5074f1f5b6048923ef5fa4.jpg
Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетектөөчү адиси Рашид Акколиевдин айтымында, Жибек Жолундагы эки тилкелүү көпүрө алты, Ауэзов көчөсүндөгүсү төрт тилке болуп кеңейтилүүдө. Эки тарабына жөө адамдар баскан тилке түшөт. Жибек Жолундагы көпүрөнүн баасы — 128 миллион сом. Ауэзов көчөсүндөгү инфратүзүм 144 миллион сомго курулууда. Көпүрөлөргө Алматыдан куюлуп келген бетон устундар жаткырылат. Аларды чек арадан алып өтүү убакытты алгандыктан Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу кечеңдеп жатканы айтылды. Ал эми Жибек Жолундагы курулушта көпүрөнүн пайдубалын тургузуу үчүн дарыянын таманы казылууда. Негизи даяр болгон соң бетон устундар жаткырылат. Белгилей кетсек, борбордун түштүгүндө Шүкүров көчөсүндө да Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу өткөн көпүрө салынууда. Ал дагы быйыл бүтөт.Тема боюнча:
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0e/1097154569_166:0:1606:1080_1920x0_80_0_0_e1379caa015efc2fd001898d417c80a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, көпүрө, курулуш, инфратүзүм, асфальт, бетон, видео, видео
кыргызстан, бишкек, көпүрө, курулуш, инфратүзүм, асфальт, бетон, видео, видео
Жибек Жолу менен Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөлөрдүн курулушу кайсы этапка келди? Видео
19:30 14.10.2025 (Жаңыртылды: 17:44 15.10.2025) Бишкекте мурдагы Чыгыш автобекети тарапта Жибек Жолу проспекти жана Ауэзов көчөсүндө салынып жаткан көпүрөлөрдүн курулушу ушул жылдын декабрь айына чейин бүтөт.
Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетектөөчү адиси Рашид Акколиевдин айтымында, Жибек Жолундагы эки тилкелүү көпүрө алты, Ауэзов көчөсүндөгүсү төрт тилке болуп кеңейтилүүдө. Эки тарабына жөө адамдар баскан тилке түшөт.
"Ушул жылдын декабрь айына чейин көпүрөлөрдү салып, жолду ачабыз. Аба ырайы жакшы болсо асфальтын кошо басабыз. Эгер күн сууктап, абанын табы -5 градустан ылдыйлап кетсе, убактылуу асфальттын кырындысын төшөй турабыз", — деди Акколиев.
Жибек Жолундагы көпүрөнүн баасы — 128 миллион сом. Ауэзов көчөсүндөгү инфратүзүм 144 миллион сомго курулууда. Көпүрөлөргө Алматыдан куюлуп келген бетон устундар жаткырылат. Аларды чек арадан алып өтүү убакытты алгандыктан Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу кечеңдеп жатканы айтылды. Ал эми Жибек Жолундагы курулушта көпүрөнүн пайдубалын тургузуу үчүн дарыянын таманы казылууда. Негизи даяр болгон соң бетон устундар жаткырылат.
Белгилей кетсек, борбордун түштүгүндө Шүкүров көчөсүндө да Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу өткөн көпүрө салынууда. Ал дагы быйыл бүтөт.