28-сентябрга карата аба ырайы

28-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. 28-сентябрь, жекшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен болустарында +25...+30, Талас аймагында +23...+28, Ысык-Көлдө +18...+23, Нарын жергесинде +19...+24 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +27...+29 градуска чейин көтөрүлөт.
Суук түшүп, үшүк жүрөт! Октябрга карата аба ырайы