БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Россиянын экономикасы жогорку айлык төлөнүүчү экономикага айланышы керек. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында билдирди.
"Бул куру сөз эмес. Мында экономикалык ой жатат. Соңку 10 жылда Ырааккы Чыгыштагы маяна 2,5 эсе өсүп, былтыркыга салыштырмалуу айына 100 миң рублден өйдө чыга баштады. Жумушсуздук деңгээли 7ден 2,4 пайызга кыскарды. Ырааккы Чыгыштагы бардык субъектилерде жакырчылык деңгээли азайды", — деди Путин.
Президент туруктуу макроэкономикалык саясат Россия мамлекетин өнүктүрүү үчүн мындан ары да шарт түзүүнү улантарын белгилеген. Ал Россияда аймактарды өнүктүрүүнүн инструменти өзүнүн майнаптуулугун далилдеп, ишкерлерди колдоого жардам берип жатканын кошумчалаган.
Мындан тышкары, Путин 2027-жылдан баштап аталган аймакта жана Арктикада бизнес үчүн бирдиктүү жеңилдетилген тартип, шарттарды киргизүүнү сунуштады.
Форум 6-сентябрга чейин Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөт. Иш-чаранын быйылкы жылдагы урааны "Ырааккы Чыгыш — тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн кызматташтык" деп аталат.