00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
41 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Масштабдуу иштер, бизнестин жаңы мүмкүнчүлүктөрү. Путин Арктика жолу тууралуу

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАрктикага жасалган экспедиция. Архивдик сүрөт
Арктикага жасалган экспедиция. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Арктиканы кесип өткөн жолго кызыгуу улам өсүп жатканын айткан РФ президенти Владимир Путин бул жаатта бир топ кызыктуу пикирлерин билдирди.
Эске салсак, учурда Россия лидери Владивостокто бир нече күндөн бери өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумуна катышууда.
"Бул маршрутка (Арктиканы аралап өткөн транспорт коридору — ред.) Арктикада иштеп жаткан россиялык компаниялардын да, чет элдик жүк ташуучулардын да кызыкчылыгы улам өсүп бара жатат. Сөз жалгыз-жарымдап эмес, туруктуу жүк базасын түптөө туурасында болууда", — деген Путин.
Ал Арктика жолу Россиянын экономикасынын пайдасына иштеши керектигин кошумчалады.
"Трансарктикалык коридор биринчи иретте жергиликтүү экономиканын кызыкчылыгына жана Ырааккы Чыгыш, Сибирь, Арктика деген биздин аймактарга кызмат кылышы шарт. Мында алардын ортосундагы биргелешип иш кылууну эске алып, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу кадамдары турат", — деген РФ президенти.
Путин Арктиканы аралап кеткен бул коридор өнүктүрүлө турганын айтты.
"Баарыбыз эле Түндүк деңиз жолу туурасында айтабыз, эгерде көңүл бурган болсоңор, мен азыр трансарктикалык коридор туурасында айтып жатам. Себеби бул жаатта кеңири масштабдагы багыттарды коюу керек деген чечимге келдик", — деди Путин.
Бул комплекстүү система деңиз, автоунаа жана темир жолду камтыйт. Ал Россиядагы Обь, Енисей жана Лена сыяктуу ири дарыялардын мүмкүнчүлүгүн пайланууга жардам берет.
"Алдыбызда Арктикада ишенимдүү жана коопсуз деңиз маршруттарын түзүү гана эмес, трансарктикалык коридордун ишин күнү-түнү камсыздоо милдети да турат. Көп жумуштар бар. Кеп мындан ары маалыматтык байланыштарды жана навигацияны өнүктүрүү, кемелерди тейлөө системасын жана куткаруу инфраструктурасын куруу жөнүндө болууда. Албетте, буга Арктикадагы жана Чыгыштагы деңиз портторун жаңылоо да камтылган", — деп түшүндүрдү Путин.
Чыгыш экономикалык форуму 6-сентябрга чейин Ырааккы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөт. Иш-чаранын быйылкы жылдагы урааны "Ырааккы Чыгыш — тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн кызматташтык" деп аталат.
Маршал Устинов ракеталык крейсери Североморск портундагы причалда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2025
Россия НАТОнун аракетинен улам Арктикадагы аскеринин санын көбөйтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0