КРСУда болочоктогу мугалимдерге стипендия төлөнөрүн айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинин педагогика факультетинин 100 студенти "Евразия" бейөкмөт уюмунан стипендия алат.
Мындай чечимди аталган окуу жайдын ректору Сергей Волков жана "Евразия" уюмунун башкаруучулар кеңешинин төрайымы, Мамлекеттик Думанын депутаты Алёна Аршинова кабыл алган.
Жаңы колдоо мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатууга жана жаштарга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. 15 миң сомдук стипендия болочок мугалимдерге кийинки жылдан тарта төлөнө баштамакчы.
Пресс-борбор
Уюштуруучулар "Евразия" уюмуна таандык сыйлыктын артыкчылыгын айтып беришти