Бишкекте бруцеллёз оорусуна кабылгандар көбөйдү – Кооптуу оорудан кантип сактануу керек?

Sputnik
Бишкекте 2025-жылдын алты айы ичинде бруцеллёз оорусунун жаңы аныкталган 12 учуру катталды. Бул тууралуу шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирди. Маалыматка ылайык, бул көрсоткүч, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9 учурга көп. “
Ачык кеп” программасынын бул чыгарылышында бруцеллёз оорусунун көбөйүү себеби жана андан сактануунун жолдору тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Өтө кооптуу, карантиндик жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу Республикалык борборунун дарыгери Жаркынай Казыбаева жооп берди.