БИШКЕК, 25-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Киевге курал-жарак берүүдөн баш тартса, Евробиримдиктин лидерлери аны Америкадан сатып алып Украинага жөнөтүүнү пландап жатканын РИА Новости Bloomberg басылмасына шилтеме берип жазды.
"АКШ президенти Дональд Трамп согуштан четтеп жаткандай. Европалык лидерлердин Украинаны кантип курал менен камсыз кылабыз деп тынчы кетүүдө. Америкадан курал сатып алуу маселени чечүү жолдорунун бири болот", — деген басылмага маалымат берген ишенимдүү адам.
Макалада Европада курал-жарактын запасы да, аларды жетишерлик санда чыгарууга мүмкүнчүлүгү да жок экени белгиленген.
Буга чейин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан батыш европалык лидерлер Украина менен келишим түзүүнү чечкенин айткан. Ага ылайык, Киев аскерлердин санын бир миллионго жеткирет, жаңжал аяктагандан кийин да ошол эле сандагы жоокерлер калат, Евробиримдик болсо чыгымдарды каржылайт.
Москва Батыш өлкөлөрүнө Украинага курал-жарак жеткирүү эч нерсени өзгөртпөй турганын жана жаңжалды создуктура берерин эскертип келет.