БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. РФ президенти менен Америка лидеринин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун сүйлөшүүсү 4,5 сааттан кийин жыйынтыкталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Жолугушуу Санкт-Петербургдагы президенттик китепкананын имаратында өткөн.
Кремль жолугушуунун темасы Украинадагы жаңжалдын аспектилери болгонун билдирди. Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу болду деп сыпаттаган.
Кечээ эртең менен президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Уиткофф менен жолугушкандан кийин Путин Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүшү мүмкүн экенин айткан.
Ак үйдүн атайын өкүлү келген учак жума күнү эртең менен Пулково аэропортуна конгон. Бул — Уиткоффтун Россияга үчүнчү жолу келиши. Буга чейин ал Москвага 13-мартта келип, Россиянын жогорку рангдагы өкүлдөрү менен жолугушкан, ошол эле күнү кечинде аны Путин кабыл алган.
Песков анда ал Украина боюнча кошумча маалыматтарды алып келгенин, ал эми Россия президенти америкалык кесиптешине айтчу сөздөрүн Уиткофф аркылуу жолдогонун айткан.
Февраль айынын башында Уиткофф Россияга аткезчилик жана баңгизат сактоо үчүн камалган Марк Фогелди айырбаштоо тууралуу сүйлөшүү үчүн келип кеткен. Андан кийин Эр-Риядда өткөн Россия менен Американын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнө катышкан.