https://sputnik.kg/20250404/rossiyalyk-atkaminer-tramptyn-administratsiyasy-menen-zholuktu-1093107282.html
Путиндин тапшырмасы. Россиялык аткаминер Трамптын администрациясы менен жолукту
Путиндин тапшырмасы. Россиялык аткаминер Трамптын администрациясы менен жолукту
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-апр — Sputnik. Түз инвестицияларды тартуу боюнча россиялык фонддун башчысы Кирилл Дмитриев Россия президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен... 04.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-04T11:02+0600
2025-04-04T11:02+0600
2025-04-04T11:18+0600
дүйнөдө
акш
россия
ак үй
вашингтон
жолугушуу
талкуу
кирилл дмитриев
https://sputnik.kg/img/07e9/04/04/1093102143_0:0:963:542_1920x0_80_0_0_8ec57ab013c1cadf58b07ac1f0eabc7e.jpg
БИШКЕК, 4-апр — Sputnik. Түз инвестицияларды тартуу боюнча россиялык фонддун башчысы Кирилл Дмитриев Россия президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен Вашингтондо Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул туурасында РИА Новости жазды.Иш-чара 2-3-апрелде АКШда болгон.Аталган фонддун башкы директору сапарынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү белгилеген:Диалогдун жанданышыМосква менен Вашингтондун алакасы 2025-жылы 18-февралда Эр-Рияд шаарындагы эки тараптуу делегация жолуккандан тарта жандана баштады. Тараптар эки тараптуу кызматташууну толук жандандырууга бардык шарттарты түзүүнү сүйлөшкөн. Мындан сырткары, элчиликтердин ишин чектөөнү жоюу, Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу ишин баштоо да айтылган.Ал эми февралдын аягында Стамбул шаарында Россия менен АКШнын делегациялары элчиликтердин ишин каржылоону макулдашып, түз аба каттамдарын калыбына келтирүүнү талкуулашкан. Мындан сырткары, президенттер Владимир Путин менен Дональд Трамп телефондон эки ирет сүйлөшүп, эки тараптын өз ара кызматташуусу боюнча кеп кылган.Жакында эле Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Россия Кошмо Штаттар менен диалогго келиш үчүн тиешелүү иштерди улантып жатканын белгилеген. Анын айтымында, начарлап кеткен мамилелерди кайрадан калыбына келтирүү үчүн бир топ аракеттер, иштер жасалышы керек.
https://sputnik.kg/20250328/ukrainaga-tyshky-bashkaruu-kirgizse-bolot-1092941356.html
акш
вашингтон
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/04/1093102143_154:0:963:607_1920x0_80_0_0_97fb10d08031381b03d748e0a10b8cdb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, ак үй, вашингтон, жолугушуу, талкуу, кирилл дмитриев
дүйнөдө, акш, россия, ак үй, вашингтон, жолугушуу, талкуу, кирилл дмитриев
БИШКЕК, 4-апр — Sputnik. Түз инвестицияларды тартуу боюнча россиялык фонддун башчысы Кирилл Дмитриев Россия президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен Вашингтондо Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Иш-чара 2-3-апрелде АКШда болгон.
Аталган фонддун башкы директору сапарынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү белгилеген:
Россия менен АКШ акыркы эки күндө көптөгөн маселелер боюнча алдыга үч кадам таштап, жылыш болду;
Американын бир топ компаниясы Россия рыногуна кайтып келүүнү каалайт. Россиядан кеткенден кийин алар 300 миллиард долларга жакын каражатын жоготушкан;
Арктикадагы жана сейрек кездешүүчү металлдар боюнча кызматташуу маселелери талкууланды;
өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат;
Москва менен Вашингтондун ортосунда дагы эле пикир келишпестик бар, бирок тараптар аларды жоюуга аракет кылууда. Буга каршы күчтөр Россия менен АКШнын ортосундагы диалогду бузууга далалаттанып жатышат;
Трамптын администрациясы Москванын позициясына кайдыгер эмес;
Россия санкцияларды жумшарткыла деп суранбайт.
"Көз караштарыбыз, пикирлерибиз келишпей калган маселелерди чечүү үчүн дагы бир нече ирет жолугууга туура келет. Башкысы, Трамптын администрациясынын жана маанилүү өкүлдөрүнүн суроолорду чечүүгө камданган оң маанайын көрүп турабыз", — деген Дмитриев.
Москва менен Вашингтондун алакасы 2025-жылы 18-февралда Эр-Рияд шаарындагы эки тараптуу делегация жолуккандан тарта жандана баштады. Тараптар эки тараптуу кызматташууну толук жандандырууга бардык шарттарты түзүүнү сүйлөшкөн. Мындан сырткары, элчиликтердин ишин чектөөнү жоюу, Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу ишин баштоо да айтылган.
Ал эми февралдын аягында Стамбул шаарында Россия менен АКШнын делегациялары элчиликтердин ишин каржылоону макулдашып, түз аба каттамдарын калыбына келтирүүнү талкуулашкан. Мындан сырткары, президенттер Владимир Путин менен Дональд Трамп телефондон эки ирет сүйлөшүп, эки тараптын өз ара кызматташуусу боюнча кеп кылган.
Жакында эле Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Россия Кошмо Штаттар менен диалогго келиш үчүн тиешелүү иштерди улантып жатканын белгилеген. Анын айтымында, начарлап кеткен мамилелерди кайрадан калыбына келтирүү үчүн бир топ аракеттер, иштер жасалышы керек.