БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Салык кызматынын борбордук аппаратындагы "жазалоочу түзүм" жоюлду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Салык кызматынын аппараттык жыйынында борбордук аппараттын жаңы түзүмү бекитилген.
"Борбордук аппараттын текшерүү башкармалыгынын функциясы кыскарды. Кайра уюштурууга чейин аталган башкармалык негизинен буга чейин иштин мындай абалына нааразы болуп келген ири бизнеске карата көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүп келген. Эми Салык кызматынын борбордук аппараты көчмө текшерүүлөрдү жүргүзбөйт. Текшерүү башкармалыгы пландаштыруу, тобокелдиктерди талдоо жана баалоо, отчет түзүү, мониторинг жана методология менен гана алектенет", — деп айтылат маалыматта.
Бекитилген планга ылайык текшерүүлөрдү аймактык салык органдары гана жүргүзөрү кошумчаланды.