https://sputnik.kg/20250114/salyk-kimder-ettk-boshotulat-1091401264.html
Салык кызматынын жетекчиси ЭТТКдан кимдер бошотуларын айтты
Салык кызматынын жетекчиси ЭТТКдан кимдер бошотуларын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагаз маселеси дээрлик чечилип калды, чакан жана орто бизнеске ал колдонулбайт. Бул... 14.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-14T14:12+0600
2025-01-14T14:12+0600
2025-01-14T14:12+0600
кыргызстан
эттк
мамлекеттик салык кызматы
алмамбет шыкмаматов
ишкер
бизнес
товар
салык
https://sputnik.kg/img/07e5/05/12/1052525685_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_36ec99a37bd9e1c311f4b16dabdc8e24.jpg
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагаз маселеси дээрлик чечилип калды, чакан жана орто бизнеске ал колдонулбайт. Бул тууралуу Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарында ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди.Ал ЭТТК айрым товардын түрлөрү үчүн гана каларын айтты.Буга чейин Кыргызстанда ЭТТКны колдонууну жөнөкөйлөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ага бир айлык мөөнөттө ЭТТКны жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди жүргүзүп, президенттик аппаратка сунуштарды киргизүү тапшырылган болчу.
https://sputnik.kg/20241231/ettk-zhonokoylotuu-zhumushchu-top-1091195718.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/12/1052525685_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_2ebda6256eca77a2f91b5230b2f46389.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, эттк, мамлекеттик салык кызматы, алмамбет шыкмаматов, ишкер, бизнес, товар, салык
кыргызстан, эттк, мамлекеттик салык кызматы, алмамбет шыкмаматов, ишкер, бизнес, товар, салык
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагаз маселеси дээрлик чечилип калды, чакан жана орто бизнеске ал колдонулбайт. Бул тууралуу Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарында ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди.
Ал ЭТТК айрым товардын түрлөрү үчүн гана каларын айтты.
"Жалпы жонунан ЭТТК маселеси жоюлду десек болот. Ал тамеки, алкоголдук ичимдик, дары, мунай продуктуларында гана калат. Экинчиден, импортерлорго дагы иштейт, себеби алар сырттан тонналап товар алып келет. Ошондой эле завод, фабрикалар дагы бар. Аларды дагы ЭТТК менен көзөмөлдөйбүз. Ал эми чакан жана орто бизнести мындай машакаттан бошотобуз", — деди Шыкмаматов.
Буга чейин Кыргызстанда ЭТТКны колдонууну жөнөкөйлөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ага бир айлык мөөнөттө ЭТТКны жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди жүргүзүп, президенттик аппаратка сунуштарды киргизүү тапшырылган болчу.
31 Бештин айы 2024, 20:04