Соңку жылдары башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылууда маанилүү өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Айгүл Ниязалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алгачкы жылдары балдарга болгону сүт чай менен булочка берилчү.
"Азыркы тапта өлкөдөгү мектептердин 98 пайызында ысык тамак берилип жатат. 2024-жылы Кыргызстандын өкмөтү башталгыч класстардын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн бюджетти күнүнө бир балага 7 сомдон 14 сомго чейин жогорулаткан. Бул сумма Бишкек шаарында мэриянын эсебинен 22 сомду, ал эми Ош шаарында 15 сомду түзөт. Мындан тышкары, 2019-жылы чыккан мыйзамдын негизинде мектептеги тамактандырууну жакшыртуу максатында жалпы коомчулук, жергиликтүү бийлик органдары жана ата- энелердин дагы кошумча акча берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Мисалы, Кемин районунда айыл өкмөттөр 3 сомдон 6 сомго чейин кошумча акча берип, колдоп келишет. Ал эми ата-энелер, демөөрчүлөр балдарга берилүүчү таттуу шире (сок) үчүн кургатылган жемиш алып беришет. Мындан улам мектептерде меню ар түрдүү болуп калат. Улуттук программанын талабына ылайык, меню 10-15 күнгө түзүлөт", — деди Ниязалиева.
Ал мектеп ашпозчулары дайыма адистигин жогорулатып турушарын, мектептердин ашканалары жакшы жабдылганын кошумчалады.