БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. "Кумтөр" долбоору мамлекетке өткөндүктөн үч жылга жетпеген убакыт аралыгында 1 миллиард 77 миллион доллар таза киреше түштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал бүгүн 2023-жылдагы бюджеттин аткарылышы, 2024-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2025-жылга бюджетти пландоо боюнча өкмөттүн отчету каралган парламенттин жыйынына катышкан.
"Тоо-кен тармагында революциялык эмес, эволюциялык окуялар болду. 30 жылдан бери биринчи жолу Кыргыз мамлекетинин экономикалык, улуттук жана экологиялык кызыкчылыгы иш жүзүндө корголду. 27 жылда Кумтөрдөн 400 тонна алтын өндүрүп 100 миллион доллар дивиденд алсак, азыр 2,5 жылда 38 тонна алтын өндүрүп 291 миллион доллар дивиденд алдык. Ал эми салыктык жана башка төлөмдөрдөн бюджетке үч жылда 990 миллион доллар түштү", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле өлкө тарыхында биринчи жолу геологиялык чалгындоого 1 миллиард сом бөлүнгөнүн айтып, тоо-кен ишканалары өлкөгө үч жылда 111 миллиард сом киреше бергенин белгиледи.
"Дүйнөдө критикалык минералдар деген термин пайда болду. Кыргызстандын аймагында ата мекендик геологдор тарабынан 5000ден ашык пайдалуу кендер табылган. Баскан жерибиз адамдын колу тие элек байлык, жер астындагы кендерибиздин геологиялык-экономикалык потенциалы жүздөгөн миллиард доллардан ашат", — деди ал.