БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. 13-14-ноябрда күн сууктап, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаай турганын айтып, ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматта шаршемби күнү Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, эртеси түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаай турганы айтылат.
"Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат", — деп айтылат билдирүүдө.
15-16-ноябрь күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы -1…-3 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.