Кыргызстанга электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирген Россияга ыраазычылык айтылды

Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 12-сен. — Sputnik. Энергетика Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Бул тууралуу VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, "Росатом" менен биргеликте чакан ГЭСтерди, ошондой эле шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Алар энергетикалык коопсуздукту жакшыртууга гана эмес, өлкөбүз үчүн стратегиялык багыт болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү тездетүүгө жардам берет.
"Мен Россияга Кыргызстанды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем", — деди Жапаров.
Ал газ тармагы электр энергиясынан кем эмес мааниге ээ экенин белгиледи.
"Чалдыбар ЖЭБинин жана 500 МВт болгон Кара-Кече ТЭСинин курулушу сыяктуу ири энергетикалык долбоорлор боюнча ишти активдештирүүнү пландап жатабыз. Алар өлкөбүздү керектүү энергетикалык ресурстар менен камсыздайт жана өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", — деди ал.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Акылбек Жапаров: Россияда иштеген кыргызстандыктар эки өлкөгө тең пайдасын тийгизүүдө