Кыргызстанда ЖККУнун машыгуулары башталды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Балыкчы шаарында командалык-штабдык "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын окуу-машыгуулары башталды.
1 / 7

Балыкчы шаарында командалык-штабдык "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын окуу-машыгуулары башталды

2 / 7

Машыгуунун сценарийи боюнча аскерлер Борбордук Азия аймагында куралдуу жаңжалды басуу үчүн биргелешкен операцияны өткөрүшөт. Машыгуу үч этапта жүргүзүлөт

3 / 7

Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринен келген аскер кызматкерлери, ЖККУнун биргелешкен штабынын өкүлдөрү келишкен

4 / 7

Окуу-машыгууларга ЖККУ мамлекеттеринен 1500дөн ашык аскер кызматкери катышат

5 / 7

Анын жүрүшүнө 200 аскер техникасы, анын ичинде 10 авиациялык жана 10 деңиз кемелери тартылган

6 / 7

Кыргызстандын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары Артур Темиров Коргоо министрлиги, Башкы штаб, башкаруу органдары, аскердик бөлүмдөр жана мекемелер окуу-машыгуулар ийгиликтүү өтүшү үчүн бардык аракеттерди жасашканын белгиледи

7 / 7

Биз окуу-машыгууларды өткөрүүгө толук даярбыз. Машыгуулардан тышкары кенен маданий программалар, спорттук таймаштар да пландалган

Иш-чаранын алдында коргоо министри Бактыбек Бекболотов, ЖККУнун баш катчысынын орун басары Талаатбек Масадыков, ошондой эле ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин эстелигине гүлчамбар коюшту.
Машыгуунун сценарийи боюнча аскерлер Борбордук Азия аймагында куралдуу жаңжалды басуу үчүн биргелешкен операцияны өткөрүшөт. Машыгуу үч этапта жүргүзүлөт.
Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринен келген аскер кызматкерлери, ЖККУнун биргелешкен штабынын өкүлдөрү келишкен. Окуу-машыгууларга ЖККУ мамлекеттеринен 1500дөн ашык аскер кызматкери катышат. Анын жүрүшүнө 200 аскер техникасы, анын ичинде 10 авиациялык жана 10 деңиз кемелери тартылган.
Кыргызстандын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары Артур Темиров Коргоо министрлиги, Башкы штаб, башкаруу органдары, аскердик бөлүмдөр жана мекемелер окуу-машыгуулар ийгиликтүү өтүшү үчүн бардык аракеттерди жасашканын белгиледи.
"Биз окуу-машыгууларды өткөрүүгө толук даярбыз. Машыгуулардан тышкары кенен маданий программалар, спорттук таймаштар да пландалган", — деди Темиров.
Андрей Сердюков ЖККУнун Кыргызстандагы машыгууларынын максатын айтты