БШК Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандаттан ажыратты

Боршайкомго арызды Кадырбеков бүгүн жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты.
Жогорку Кеңештеги "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери депутаттык мандатын тапшыруу боюнча БШКга арызды бүгүн жазган. Боршайком анын арызын канааттандырды.
Эскерте кетсек, буга чейин Кадырбеков УКМКга сурак берип чыккан болчу. Ал "Ыйман" фонду боюнча күбө катары көрсөтмө бергенин билдирген.
Мандатын тапшырган Тазабек Икрамов элге кайрылып, принциби тууралуу айтты