Мамлекет менен "Социалдык келишим" түзгөн үй-бүлөлөрдүн саны 8500гө жетти

Долбоор 2022-жылы башталган. Эки жылда ага республикалык бюджеттен 3 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. "Социалдык келишим" долбоору негизделгенден бери өлкөдөгү 8 500 үй-бүлө мамлекет менен келишим түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Эске салсак, аталган программа боюнча социалдык паспорту бар же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр чакан бизнес баштоо үчүн мамлекеттен 100 миң сомдон ала алышат.
Келишим түзгөндөрдү аймактар боюнча бөлүштүргөндө ал төмөнкүдөй:
Баткен облусу – 585 үй-бүлө;
Жалал-Абад облусу – 1915 үй-бүлө;
Ысык-Көл облусу – 826 үй-бүлө;
Нарын облусу – 820 үй-бүлө;
Талас облусу – 915 үй-бүлө;
Чүй облусу – 821 үй-бүлө;
Бишкек шаары – 101 үй-бүлө;
Ош облусу – 2422 үй-бүлө;
Ош шаары – 95 үй-бүлө.
2022-жылы башталган долбоорго республикалык бюджеттен 3 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
"Социалдык келишим" долбооруна катышкандар кандай бизнес ачканы айтылды