Айыл чарба багытындагы жеңилдетилген насыяны кимдер алса болот?

Sputnik
Мамлекет жыл сайын дыйкандарыбызга колдон келишинче кол-кабыш кылып, арзан насыяларды берип келет. Кредиттер өкмөттүк банктар аркылуу берилет. Быйлкы жылга 5 миллиард сом бөлүнгөн. «Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоору боюнча анын 80 пайызы мал чарбачылыгына, калганы өсүмдүк өстүрүүгө каралган. Дыйкандар жеңилдетилген кредитти 500 миң сомго чейин 10 пайыздык чени менен ала алышат. Мөнөөтү 24 ай. Алгандан кийин 3 айдан кийин төлөп баштоо мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми агрардык өнөр жай комплексине долбоордун негизинде 17 миллиард сом бөлүнгөн.
Алар кандай шартта, кайсы учурда жана кандай документтер керектелери тууралуу "Элдик бак" ААК Аймактарды коордионацалоо жана кредиттоо башкармалыгынын башкы адиси Асель Кумарова менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин каржы жана мамлекеттик сатып алуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кадимбек Арстанбеков сөз кылдык.