Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 46 кендин лицензиясы аукционго коюлду

Аукционго коюлгандардын арасында акиташ, гипс, базальт, көмүр, мрамор жана башка кендер бар, баасы жайгашкан жери жана кендин түрүнө жараша болот.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматы Ош жана Жалал-Абад облусундагы 46 кенди аукционго койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, объектилердин баасы жайгашкан жери менен кендин түрүнө жараша болот.
Ош облусунда 41 кендин аукциондору сентябрда өтөт:
16-сентябрда — Чоң-Алай районунда;
17-сентябрда — Алай районунда;
17-сентябрда — Араван районунда;
18-сентябрда — Ноокат районунда;
19-сентябрда — Өзгөн районунда;
20-сентябрда — Кара-Суу районунда.
Ошондой эле мекеме Жалал-Абад облусундагы беш кенди койду. Булар боюнча аукцион 13-сентябрда Ноокендин администрациясында өтөт.
Катышууну каалагандар документтерин 9-сентябрь саат 18:00гө чейин Бишкек шаары, Эркиндик проспекти, 2, №305 кабинетке тапшырышы керек.
Сурап-билүү үчүн 904 040 (+1049) номерине чалып же www.geology.kg сайтынан керектүү маалыматтарды алса болот.
Кошумчалай кетчү жагдай, лицензиянын көпчүлүгү чалгындоого берилет.
УКМК 1,8 млрд. сомдук кенди мамлекетке кайтаруу боюнча иш жүргүзүүдө