Петербургда Кыргызстан менен РФтин акыйкатчылары мигранттардын көйгөйлөрүн укту

Жолугушууда кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү мигранттардын укуктарына байланыштуу маселелерди көтөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жана Россиянын акыйкатчылары Жамиля Жаманбаева менен Татьяна Москалькова биргелешип Санкт-Петербургда мигранттарды кабыл алышты. Бул тууралуу КРдин Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
1 / 2

Кыргызстандын жана Россиянын акыйкатчылары Жамиля Жаманбаева менен Татьяна Москалькова биргелешип Санкт-Петербургда мигранттарды кабыл алышты

2 / 2

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү мигранттардын укуктарына байланыштуу маселелерди көтөргөн

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү мигранттардын укуктарына байланыштуу маселелерди көтөргөн. Анын ичинде административдик эреже бузуу үчүн өлкөдөн мажбурлап чыгаруу, каттоого туруудагы кыйынчылыктарга нааразы болушту.
"Кыргызстандын акыйкатчысы мигранттарды административдик укук бузганы үчүн өлкөдөн чыгарууга байланыштуу маселе КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында талкууланганын билдирди. Өз кезегинде Москалькова депортация эрежелери боюнча мыйзам чыгаруу органына мурда сунуш берилгенин, ал жарым-жартылай колдоого алынганын баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушууда иштеп жана жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарын билүү жана түшүнүү маанилүүлүгү, ошондой эле абактардагы мигранттарга консулдук жардам жана котормочу менен өз убагында камсыз кылуу маселеси талкууланды.
Матвиенко: иштеткен тарап мигранттарга шарт түзүп бериши керек