Акыркы коңгуроодо жолдордо коопсуздук күчөтүлүп, атайын посттор коюлат

Башкармалыктын кызматкерлери мектептерге барып окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Акыркы коңгуроо учурунда коопсуздук күчөтүлүп, шаарларга кирип чыгуучу жолдорго атайын күзөт посттору коюлат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ведомство кызматкерлери мектептерге бөлүнүп, коопсуздукту камсыздашат.

"Бүтүрүүчүлөр эч кандай айдоого укугу жок болуп, атайын кымбат баалуу унааларды жалдашып, ата-энелеринин коштоосу жок жаратылышка, эс алуу жайларына, түнкү клубдарга барып, мас болуп ар кандай укук бузууларга жол бербөө үчүн ЖКККББнын кызматкерлери азыртадан түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле он жылдык, жыйырма жылдыктар тарабынан болчу жол кырсыктарын алдын алуу максатында өлкө аймагындагы шаарларга кирип-чыгуучу жолдорго атайын күзөт посттору коюлуп, унаалар текшерилери кошумчаланды.
Радио
Сыдыкназарова: бүтүрүү аземинде коопсуздукка ата-энелер да жоопкер