Бишкектин мэри 101 жаштагы согуш ардагерине батир берүүнү буйруду

1943-жылдын декабрь айында Асек Урманбетов командирдин буйругу менен маанилүү ишти бүтүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовго тез арада батир бөлүп берүүнү тапшырды.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов
Урманбетов 1923-жылы туулган, согуштун майыбы, жесил. Алты баласы жана 68 небереси бар.
"Ал Украина жана Беларусь аймагында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен маанилүү чалгындоо тапшырмасын аткарган. Тагыраагы, ар кандай жүктөрү бар 76 немец машинасын эки жоокери менен кармаган", — деди мэрия.
Асек Урманбетов Ата Мекендик согуш жана Кызыл Жылдыз ордендери, көптөгөн күжүрмөн жана юбилейлик медалдар, ошондой эле Даңк медалы менен сыйланган (2016-ж.). Пенсияга чыкканга чейин башкы бухгалтер, ревизор болуп иштеген. Акын жана жазуучу. "Ак жол" коомдук фондунун президенти катары карыларга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калган балдарга жардам берип, демөөрчүлүк көрсөтүп келген.
Байсалов Нарындагы согуш ардагерлерине барды. Сүрөт