Жусупбек Коргонбай уулу да депутаттык мандатын тапшырмай болду

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматта арыз бүгүн жазылганы айтылат, мындай чечимдин себеби көрсөтүлгөн эмес.
Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңешке бир мандаттуу система менен Ноокат шайлоо округунан шайланып келген болчу. Эми мыйзам боюнча, эки айдын ичинде аталган аймакта кайра шайлоо өтүшү керек.
Элге уят болбой... Акылбек Түмөнбаев депутаттарга тарап кетүүнү сунуштады