Трагедия издөөнүн кажети жок! 1-январда илинген туу боюнча Жапаровдун жообу

Өлкө башчы журналисттин "бир апта бою башка туу илинип калганы үчүн бирөө-жарым жоопкерчиликке тартылабы?" деген суроосуна жооп берген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтына 1-январда илинген желектен трагедия издештин кереги жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирди.
"Мэрияга мекенчил демөөрчүлөр тарабынан жасалып келген жаңы желекти илели деген сунуш болгон экен. Мэрия "макул" деп жаңы желекти көтөртүп коюптур. 8-январь күнү Жогорку Кеңеш дыкат карап, берилген сунуштарды эске алып толуктап, 3 окууда кабыл алып берген, андан соң өкмөттүн токтому менен бекитилген жаңы желек расмий түрдө көтөрүлдү. Болду го эми, желек боюнча талкууну токтотолу", — деди өлкө башчы.
Президент журналисттин "бир апта бою башка туу илинип калганы үчүн бирөө-жарым жоопкерчиликке тартылабы?" деген суроосуна жооп берген эмес.
Эске салсак, 1-январда борбордук аянтка башкача дизайндагы желек тагылып, бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, нааразычылыктар менен коштолгон. Кийин борбордук аянтта кайра өзгөртүлгөн туу салтанаттуу көтөрүлгөн.
Буга чейин мамлекет башчы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевди туунун бир катар элементтерин өзгөртүүнү суранганын айткан. Коомдо мамлекеттик туунун өзгөрүшү боюнча ар кыл пикирлер жаралып, бир катарлары каршы чыккан. Депутаттар сунушталган мыйзам долбоорун колдоп, акырында мамлекеттик туу өзгөрдү.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Бийлик 1-январда "Ала-Тоо" аянтына туура эмес желек илингенин моюндады. Видео