БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстанга Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан келет. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Расмий сапар бүгүн башталып, эртең соңуна чыгат. Анын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулоо үчүн жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, ошондой эле биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун алтынчы жыйынын өткөрүү пландалган.
Фидан КР ТИМ жетекчиси Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келет.