Бажы төлөмдөрүн албай туруу мөөнөтү дагы узартылды. ЕАЭБдеги жаңылыктардан

Жеңилдик берүү 31-декабрга чейин каралган, бирок анын убактысын дагы созушту.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши товар ташып киргендеги бажы төлөмдөрүн албай туруу мөөнөтүн 2024-жылдын 30-июлуна чейин узартты.
Эске салсак, товарды бекер ташып кирүү мүмкүнчүлүгү 2023-жылдын 31-декабрына чейин берилген, эми ал дагы жарым жылга созулду.
Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматы ал процедура системаны түптөгөн жана шаарда курулуштарды жүргүзгөн ишканаларга тиешелүү экенин айтты. Аталган эки нерсе экономиканын туруктуулугун арттырган чараларды ишке ашыруу максатында колдоого алынарын белгилешти.
"Бул өндүрүштө колдонулбаган акциздик товарларга тиешелүү эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Кийинкиге калтыруу же мөөнөтүн узартуу үчүн бажы органына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тастыктамасын көрсөтүү керектиги белгиленди.
Радио
ЕАЭБге товар экспорттоого лицензияны эми электрондук түрдө алса болот