https://sputnik.kg/20231212/eaehbge-tovarlardy-ehksporttoogo-licenziyany-ehlektronduk-turdo-alsa-bolot-1081175340.html
ЕАЭБге товар экспорттоого лицензияны эми электрондук түрдө алса болот
ЕАЭБге товар экспорттоого лицензияны эми электрондук түрдө алса болот
Sputnik Кыргызстан
Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын экспорттук көзөмөл секторунун башчысы Марс Жылдызев санариптештирүү ишкерлердин ишин... 12.12.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-12-12T11:46+0600
2023-12-12T11:46+0600
2023-12-12T11:46+0600
радио
коом
экономика
еэк
еаэб
товар
экспорт
импорт
лицензия
марс жылдызев
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/0c/1081175438_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_2ea402ef1a11c43bc7d18d403912a75a.jpg
ЕАЭБге товар экспорттоого лицензияны эми электрондук түрдө алса болот
Sputnik Кыргызстан
Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын экспорттук көзөмөл секторунун башчысы Марс Жылдызев санариптештирүү ишкерлердин ишин жеңилдетерин айтты.
ЕАЭБге товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензияларды, уруксат кагаздарын электрондук түрдө алууга болорун Марс Жылдызев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, мындай жол ЕАЭБге товар экспорттоону жана импорттоону жеңилдетет.Ал товар экспорттоодо жана импорттоодо сапатка өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/0c/1081175438_129:0:2858:2047_1920x0_80_0_0_93281304bdd2998823d629f2d9fe63e8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, экономика, еэк, еаэб, товар, экспорт, импорт, лицензия, марс жылдызев, аудио
коом, экономика, еэк, еаэб, товар, экспорт, импорт, лицензия, марс жылдызев, аудио
ЕАЭБге товар экспорттоого лицензияны эми электрондук түрдө алса болот
Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын экспорттук көзөмөл секторунун башчысы Марс Жылдызев санариптештирүү ишкерлердин ишин жеңилдетерин айтты.
ЕАЭБге товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензияларды, уруксат кагаздарын электрондук түрдө алууга болорун Марс Жылдызев
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай жол ЕАЭБге товар экспорттоону жана импорттоону жеңилдетет.
"Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине ылайык, ишкерлерден электрондук лицензия жана уруксат кагаздарын алуу үчүн импорттолчу же экспорттолчу товарга жараша документтер талап кылынат. Буга чейин товар жиберүү үчүн бир канча министрликке барып, кол койдуруп, керектүү документтерди жыйнап келишкен. Ал эми бүгүнкү күндө ишкерлер кайсы жерде болбосун алар өзүнүн жеке кабинетинен эле электрондук лицензияларды жана уруксат кагаздарын ала алышат. Мындай кадам ишкерлер үчүн өтө ыңгайлуу. Эң биринчиден, убактысы үнөмдөлөт. Товар текшерилип, эксперттер аны импорттоого жана экспорттоого уруксат бергенден кийин лицензия берилет. Андан кийин автоматтык түрдө лицензия Бажы кызматына кетет. Бул процесстен соң ишкер товарын чет өлкөгө чыгара берсе болот. Электрондук лицензиянын берилип баштаганы товар жиберүүнү жеңилдетип, ишкерлердин ишине жарап жатат. Лицензия 7 күндөн 3 күнгө чейинки аралыкта берилет", — деди Жылдызев.
Ал товар экспорттоодо жана импорттоодо сапатка өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.