Чүйдө алгачкы мобилдик ГЭС орнотулуп, ачылышына А. Жапаров барды. Сүрөт

ГЭС 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыга алат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Биринчи айланма Чүй каналында (АЧК-1) чакан ГЭС орнотулуп, сынамык долбоордун ачылышына Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Биринчи айланма Чүй каналында (АЧК-1) чакан ГЭС орнотулуп, сынамык долбоордун ачылышына Акылбек Жапаров катышты

2 / 3

ГЭС 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыга алат (болжол менен 100 үйгө жетет)

3 / 3

Ошондой эле тиешелүү кызматтарга мындай гидроэнергетикалык орнотмолорду курууга техникалык шарттарды камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды бергенин кошумчалады

ГЭС 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыга алат (болжол менен 100 үйгө жетет).
“Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү толугу менен колдойбуз”, — деди Жапаров иш-чарада сүйлөп жатып.
Ошондой эле тиешелүү кызматтарга мындай гидроэнергетикалык орнотмолорду курууга техникалык шарттарды камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды бергенин кошумчалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тарткан Исхак Раззаков атындагы КМТУ алдындагы “КОНАС” илимий-инженердик борборуна ыраазычылык билдирген.
Энергетика министрлиги электр кубатын үнөмдөөнүн 6 ыкмасын эскертти