Европаны төртүнчү рейхке айлантышууда. Ой толгоо

Европа куралданып, дүрмөт өндүрүү боюнча конвейерлер ишке кирип, аскердик заводдордун жаңы корпустары курулуп жатат. Жайкын ишканалар аскердик рельстерге өтүүдө. Европа комиссиясы өндүрүштөгү курал көлөмүн көбөйтүү жөнүндө көрсөтмө бере баштады.
Sputnik
Серепчи Виктория Никифорова РИА Новости сайтына жарыяланган макаласында бул ирет дал ушул жагдайдан кеп салган.
Мына ушундай процесстерге океан ар жагынан тыкыр көз салышууда. The New York Times басылмасы европалык өкмөт өзүнүн аскер-өнөр жай комплексин каржылоо боюнча эбегейсиз аракеттерди жасаганын белгилейт. Анткен менен Европада коргонуу жаатында азырынча көйгөйлөр оголе арбын. Ааламга алардын баарын “Украина” аталган полигон даана көрсөтүп койду.
1930-жылдары шведдер немец авиа куруучуларын өз жерине кабыл алышкан. Германияга учак чыгарууга Версаль тынчтык келишими менен тыюу салынган. Экинчи дүйнөлүк согушта швед-немец фирмалары Үчүнчү рейхти учак менен камсыз кылышкан. Saab-18 да бомбалоочу катары, Saab-21 да истребитель катары дурус эле. Согуштан соң концерн өз учак жана курал-жарактарын экспортко чыгарган. Ал эми соңку бир жарым жылда ал Украина Куралдуу күчтөрүн танкка каршы коргонуучу тескелүүчү ракеталары менен улам жабдып келет.
Швеция НАТОнун астанасын аттамакчы болуп турганда америкалыктар швед концернин куралдануунун европалык жарышындагы лидерлердин бирине айлантууну боолголойт. Маселе европалык аскер-өнөр жай комплексинин өз ичинде терең атаандаштыгында. Өндүрүшчүлөр белгилүү бир чет өлкөлүк буюртмачыларга карата экспортко куралдарын чыгарат.
Эгер алар өз өндүрүмдөрүнүн мүнөздөмөлөрүн өзгөртүп коюшса, сатып алуучуларын жоготору ырас. Бирдиктүү болууга ЕБдеги улуттук өкмөттөр өз коргоо тармагынын көз карандысыздыгын көздөйт. Алар океан ар жагындагы кожоюндарына өндүрүштүн бул бутагын кармата салгысы жок. Чыгарылган курал-жарак түрү бир өңчөй эмес.
Курал жана ок-дары боюнча НАТО стандарттарына европалык аскер-өнөр жай комплексинин өндүрүмдөрүнүн он сегиз пайызы гана туура келет. Америкалыктар нааразычылыгын жашырбастан, бүгүн Европада "Ховитцердин" 27, истребителдердин 20, мина ташуучу жана фрегаттардын 26 түрү чыгарылып жатканын айтышат. "Европа өз коргонуу тармагын унификациялоого тийиш", — деп буйруйт океан ар жагынан The New York Times басылмасы. Лондондогулар да ушундай эле пикирде.
Коронавирустук локдаун, каатчылыктан кийин жакырланган европалыктарга чындап эле Россия менен согуштан башка эч нерсе калбайт. 1930-жылдары Лондон менен Вашингтон Германияны Советтер Союзуна кайраштыруу үчүн дал ушундай кадамдарга барган.
Бир жагынан аскер-өнөр жай комплексин каржылап, жергиликтүү коргоо тармагына салым салышкан. Гитлерге кимдер гана инвестиция салбаган: Генри Форд менен Прескотт Буш (АКШнын болочок президенти), Моргандар жана Рокфеллерлер. Экинчи жагынан, ошол эле Германиянын калкын ач кармашкан.
Англосактардын бүгүнкү планы да дал ошондой. Европа биримдигине аскердик чыгымдарга салык киргизүү ылайыксыз деп ой жүгүртөт Лондондон Пол Тэйлор, андан көрө ЕБдин коргонуу тармагына бирдиктүү карыз алганы оң.
Кайдан, кимден алганы дурус? Албетте, Лондоне менен Вашингтондон алат. Анын арты менен англосактардын кылдат көз салуусунда бардык европалык өлкөлөрдүн коргонуу комплекстерин толугу менен унификациялоону талап кылышат. Алардын көздөгөнү – Европаны олчойгон коргоо-өнөр жай заводуна айлантуу. Бирдиктүү армия, бирдиктүү аскер-өнөр жай комплекси, бирдиктүү идеология – чыгышка карай чабуулга масштабдуу даярдык. Гитлердик режим менен он айырмачылыкты тапкыла: “бейиш багы” эле — эми төртүнчү рейхке айланат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Мындайды күткөн эмес". Батыш өрттөлгөн "Леопарддардын" эсебин чыгарды