БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. НАТО башкы катчысынын кеңсе жетекчиси Стиан Йенссен Украина жеринин бир бөлүгүн Россияга өткөрүп берсе уюмга мүчө болуп кириши мүмкүндүгүн четке каккан жок. Бул тууралуу РИА Новости Verdens Gang басылмасына таянуу менен жазды.
"Украина кайсы бир аймагынан баш тартып НАТОго мүчө болушу — абалды жөнгө салуунун бир жолу болушу мүмкүн. Ушундай болушу керек деп так кесе айта албайм, бирок бул кайсы бир деңгээлдеги чечим болуп бере алат", — деген Йенссен.
Башкы катчынын өкүлү Украинанын чыр-чатактан кийинки болжолдуу макамы тууралуу талкуу жүргөнүн белгилеп, территориясынан Россияга өткөрүп бериши тууралуу маселе да көтөрүлгөнүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, Украинанын Жогорку Радасы 2014-жылдын декабрында эки мыйзамга мамлекеттин блоктон тышкаркы макамынан баш тарткан өзгөртүү киргизген. 2019-жылдын февралында Конституцияга оңдоо киргизип, өлкөнүн Евробиримдик менен НАТОго ыктаган багытын бекиткен. Украина Түндүк атлантикалык альянстын өнөктөшү макамына ээ болгон алтынчы мамлекет. 2022-жылдын сентябрында президент Владимир Зеленский Украина ыкчам түрдө НАТОго кирүүгө билдирме бергенин жар салган.
НАТО мамлекеттери Литвада өткөн саммитте Киевди колдоонун көп жылдык пакетин бекитти. Үч пунктудан турган жардамда Украина Куралдуу күчтөрүн альянстын стандарттарына шайкеш келтирүүгө көмөктөшүү, Украина — НАТО кеңешин түзүү жана өлкөнүн уюмга кошулуу боюнча талаптарын аткарбастан мүчөлүккө кирүү укугу каралган. Бирок убакыт-сааты, шарты тууралуу сөз болгон эмес.