Россия НАТОнун ооз көптүргөн калпын ачыкка чыгарды

© Photo / U.S. Army / Jason JohnstonНАТО аскерлеринин машыгуусу. Архивдик сүрөт
НАТО аскерлеринин машыгуусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2023
Жазылуу
Люксембург менен Франциянын 250 жоокери тартылган Түндүк атлантикалык альянстын аскердик окуу-машыгуулары Румыниянын Бабадаг полигонунда башталды.
Бул сыяктуу маневрлар аскер кызматкерлеринин даярдыгын мыктылап тим болбостон, каршы тарапты бир сестентип коюу максатын көздөйт. Мында кеп согуш талаасындагы кубаты боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Россия армиясы тууралуу болуп жатат. Бул — тийиштүү тармакты иликтеп жазган басылманын берген баасы.
Баары бүтүп Россиянын таягына эми Люксембург сүйөнө баштаса, анда НАТОнун Европада жүргүзгөн саясатын тыкыр карап чыгууга мезгил келген окшойт. Альянс жетекчилигинин "Чыгышка карай жылбайбыз" деген калпы баарыбызга маалым. Анда стратегиялык каршылашты адаштыруу зарыл болгон. Көрсө, мындай көз боемочулукту уюм колдоо көрсөтүмүш этип, "каардуу орустардан коргомок" болгон өлкөлөргө карата да колдонот экен.
Румынияда башталган НАТОнун окуу-машыгууларында негизги ролду Люксембург ойнойт дешти, албетте, бул декорум, башкача айтканда, сырткы көрүнүшү. Вашингтонго ушул гана керек — алдына коргологондорду да, кошулууну каалагандарды да толук көзөмөлдөө. Бул тууралуу кайсы бир мезгилде глобалисттик элитанын сүймөнчүгү болуп, бетке чабарлыгынан көпчүлүк далысын салып калган экономист, профессор Жеффи Сакс эске салган.
Сакс, биринчиден, "АКШ Украинаны өзүнүн олжосу" катары көрөрүн айтты, экинчиден, аны "экинчи Афганстанга айландырууну" көздөй турганын белгиледи. Олжо кылар-кылбасы анча кызык эмес, анткени акыркы 15 жылдан бери окуя кандай нук алып келе жатканы белгилүү, ал эми "европалык Афганстан" — катуу тийсе өтө так айтылган тезис.
Украиналык артиллерист Бахмуттун жанында 152 мм Д-20 гаубицасынан ок чыгарып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Украинаны басып кирүүгө даярбы? Абалга сереп
Коалиция Афганстанда тартип орнотмок болгон 22 жыл мурунку окуяны көпчүлүк унута элек. Өлкөгө демократия орнотуу кандай кандуу булоон менен коштолгону да көпчүлүктүн эсинде. Кой-ай деген эч ким жок, америкалыктар ракеталарын каалаган убакта, каалаган көлөмдө, каалаган багытта аттырып келди. Той болуп жатабы, тажиябы, жүрүшпү, эч ким кызыккан эмес, америкалык жана европалык эместин баары ок алдында калган. Керек болсо Батышка лоялдуу көз карашта болгондор да жоготууга дуушар болушкан. Күчтүүбүз деп төшүн каккан натолук күчтөрдүн мындан эки жыл мурун качып бараткандагы учагына жармашып-жабышкандарды деле көрбөдүк беле.
Жыйырма жыл бою "прогресске" жана батыш баалуулуктарын кабыл алууга мажбурлоо акыры башаламандык жана аскердик-саясий жеңилүү менен аяктады. Батыштын акчасы менен күн көрүп келген өлкө бийлиги эптеп качып кетүүгө үлгүрдү. Каршы тарапты теңсинбей жатып "тартип орнотчулар" маскара болду.
Америка жана анын коргоосундабыз дегендер азыркы кризисте деле дал жогорудагыдай абалга туш болушту. Мында да каршы тарапты, учурда Россияны теңсинбей жатып, россиялык коомчулукту, анын баалуулуктарын көңүлгө албай жатып, натыйжада саясий да, аскердик да жеңилүүгө дуушар болушту. Экономикада да, согуш талаасында да жоготууга учуроодо.
Эртеби-кечпи, НАТО Украинадан качып жөнөйт. "Леопардын" да, "Брэдлисин" да, "Абрамстарын" да, "Пэтриотун" да карабайт. "Геосаясатка" жамынып кол жоолукка айланткан Украина дароо чоочун өлкөгө айланат да, талаада жалгыз калат.
Экинчи Афганстандын пайда болоруна деле аз калды, бул тууралуу Россия бир нече жолу эскерткен. Канча жолу ийге келтирип, эптешүүгө аракет жасады. Экинчи тарап дайым "баары өз нугу менен келе жатканын" айтып ооз көптүрө берди. Акыры Россия НАТОнун калпын ачыктап, сөз менен эмес, анык бир иши менен жооп берүүнү чечти. Альянстын коргонууну Люксембургдун аскерине таштап кетүүдөн башка аргасы калган жок.
Батыш Киев атайын операциядан бери 150 миң аскерин жоготту деп эсептейт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Киев атайын операциядан бери 150 миң аскерин жоготту деп эсептейт
Жаңылыктар түрмөгү
0