Далайдын дартына даба тапкан Сабырбек Жумабеков. Хирургдун жашоосунан сүрөт баян

Бүгүн белгилүү хирург, ортопед, профессор Сабырбек Жумабековдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 59 жашка чыккан атактуу окумуштуунун сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Сабырбек Жумабеков Таластын Айтматов районунун Сатыке айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы элет жеринде өтүп, таенесинин колунда өскөн. Өспүрүм кезинде атасынын буту көпкө чейин ооругандыктан дарыгер болууну кыялданган. Мектепти аяктап, борбордо Медициналык институтта окуп, Украинанын Симферополь шаарындагы мединститутта тажрыйба топтойт. Болочоктогу атактуу хирург 26 жашында илимдин кандидаттыгын, 30 жашында илимдин докторлугун Москвадан жактаган. Мекенге кайтып келгенден кийин травматолог-ортопед бир катар медициналык мекемелерде эмгектенип, орто жолдо АКШдагы Калифорния университетинде да тажрыйба топтойт. Профессор 500гө жакын илимий иш жазып, ондогон илимдин кандидатын, докторун өстүргөн. 40 миңден ашык адамга операция жасап, миллиондон ашык бейтапка консультация берген. Ошондой эле бир бейтаптын бутунун сөөгүн 31 сантиметрге өстүрүп Гиннесс китебине кирген.
Тема боюнча:
Чыгармалары менен дүйнө кезген Султан Раев 65 жашта. Сүрөт баян
Элине ак дилинен кызмат кылган. Иманкалыкованын сүрөттө калган ирмемдери
70 жылдай өмүрүн музыкага арнаган. Дирижер Жумакматовдун сүрөттөгү ирмемдери
Согуш маалында көчүрүлгөн элди жайгаштырган Казы Дыйканбаев. Сүрөт түрмөк
Даректүү тасмаларды мыкты тарткан. Режиссёр Лиля Турусбекованын сүрөттөрү