Кыргызстан сыраны чет өлкөгө 11 эсеге көп сата баштады

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы беш айында экспорттолгон сыранын суммасы 484,7 миң долларды түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстан ушул жылдын алгачкы беш айында дээрлик 974,3 миң литр сыра экспорттоду. Мындай көрсөткүчтү Статистика боюнча улуттук комитет билдирди.
Экспорттолгон сыра 484,7 миң долларга бааланган.
Кыргызстандан сыра алган өлкөлөр:
Латвия — 761,3 миң литр;
Кытай — 152,9 миң литр;
Россия — 54,1 миң литр;
Казакстан — дээрлик 6 миң литр.
Ал эми өткөн жылдагы көрсөткүчтөрдү ала турган болсок, 2022-жылдын январынан май айына чейин 87,7 миң литр (11,1 эсеге аз) пиво экспорттолгон. Өткөн жылдын башындагы беш ай ичинде Россия менен Казакстанга сыра сатуу азайган, Кытай менен Латвия алган эмес.
Пиво эркектер менен аялдарга эки башка таасир этери маалым болду