Токмокто үрөй учурган жол кырсыктан 8 адам набыт болгону айтылууда. Видео

Окуя болгон жерде инспекторлор иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Токмоктун жака белиндеги айланма жолдо үрөй учурган жол кырсыгы катталганын ЖКККББ тастыктады.
Алдын ала маалымат боюнча, сегиз адам каза болгону айтылууда. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жеринде тактап жатат.
ЖКККББ билдиргендей, Honda Odissey үлгүсүндөгү минивэндин айдоочусу Нарындан Бишкекке келе жаткан, ичинде 8 адам болгон.
Трассанын 78-чакырымына келгенде минивэн каршы тилкеге чыга коюп автоманипулятор менен кагышкан.
Экөө терезеден ыргып кеткен: Бишкекте маршрутка менен автоунаанын кагышкан видеосу