БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Дарья Дугина менен Владлен Татарскийди өлтүрүүнү, Захар Прилепинге кол салууну Вашингтон координациялап турган. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россиянын улуттук коопсуздугуна жаңы коркунучтарды жаратып, англосаксондор менен азыктанган киевдик неонацисттик режими биздин мамлекеттин аймагында террордук иштерди жасады", – деген Патрушев Сыктывкарда өткөн кеңешмеде.
Коопсуздук кеңешинин катчысы америкалык атайын кызмат Крымдагы көпүрөнүн, "Түндүк агым" газ түтүгүнүн жардырылышына жана аны координациялоого, мындан башка терактыларды жасоого катышкандыгын тактады.
Мындай операциялар Вашингтон менен Лондондо коомдук-саясий кырдаалды чайпалткан алдын ала маалыматтык кампания менен коштолот. Алар Россиянын эгемендүүлүгүн жана конституциялык түзүлүштү ыдыратууга багытталат.
"Анткен менен АКШ башында турган жамааттык Батыш Украинадагы чатакка Киевдин террордук режими тарапта туруп киришип, катышып жатат. Чет элдик жалданма аскерлер жана кеңешчилер украиналык неоулутчулдар менен бирге согушка түздөн-түз катышып жатат", — деп сүрөттөгөн кырдаалды Патрушев.
Анын айтымына караганда, НАТОнун инструкторлору диверсиялык-террордук топторду даярдап, алардын ишин жөндөп, ал эми муну дүйнө коомчулугуна "Украинаны коргоо үчүн жасалган америкалык жардам" катары көрсөтүп жатат.
Патрушев мындан сырткары Россияда украиналык чалгын-диверсиялык топтор, эл аралык террордук уюмдар, радикалдык жана экстремисттик түзүмдөр активдеше баштагандыгын билдирди.