БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Январь айынын аягында (Финансы министрлигинин соңку маалыматы) мамлекеттик ички карыздын көлөмү 95 миллиард 660,5 миллион сомду түздү.
Ачык маалымат булактардагы сандарга баам алсак, бул өлкөнүн тарыхындагы рекорддук көлөм болуп саналат.
Буга чейинки рекорд былтыркы жылдын аягында коюлган, анда ички карыз 94 миллиард 132,5 миллион сом болгон. Белгилей кетсек, жыл ичинде (2022-жылдын январь айынын аягынан бери) ички мамлекеттик карыз 71,8 миллиард сомдон 23,8 миллиард сомго көбөйгөн.