БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Абактан чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн үй-бүлөсү, туугандары жана тарапташтары тосуп алды.
Эске салсак, бүгүн, 14-февралда, Жогорку Сот адвокат Замир Жоошев менен Сергей Слесаревдин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин кылмыш ишин кайра кароо боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Чечим даттанууга жатпайт.
Ага ылайык, Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу чыгарылган чечим жокко чыгарылып, иш кайрадан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жиберилди.
Атамбаев Молдовановкадагы абакта ушул иш боюнча кармалып турган. Чечим жокко чыгарылганына байланыштуу мурдагы президент эркиндикке чыгып, үйүнө кайтты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевге чет өлкөдө дарыланууга уруксат берди.