Кар жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Ош менен Жалал-Абадда дем алыш күндөр жаанчыл болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун алдын ала алынган маалыматтарга таянып билдирди.
Апта аягында көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында ишембиге караган түнү жамгыр жаашы ыктымал. Бирок 5-ноябрда күндүз жана 6-ноябрда күн ачык болору айтылды. Абанын температурасы 11...13 градусту көрсөтөт.

Чүй, Талас облустары

Эки облуста тең дем алышта күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок ишембиге караган түнү тоолуу аймактарга кар түшүшү ыктымал. Мындан улам абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Чүйдө күндүн табы 9...14 градусту көрсөтсө, Таласта 7...12 градус жылуу болот.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Ош менен Жалал-Абадда 5-ноябрь күндүз айрым жерлеринде жамгыр, тоо этектеринде жаан, кар, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 6-ноябрда күн ачылат. Абанын температурасы эки облуста тең 13...15 градустун тегерегинде болот. Ал эми Баткенде аптанын акыркы эки күнү жаанчыл болору айтылды. Тоо этектерине кар түшөт. Күндүн табы 11...13 градусту көрсөтмөкчү.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын менен Ысык-Көлдө дем алышта күн ачык болору айтылды. Абанын температурасы 7...12 градус жылуу болсо, Нарында 6...8 градуска гана жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Ноябрь айындагы аба ырайы. Кыргызгидрометтин божомолу