БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги КР жарандарын Душанбе шаарындагы эл аралык аэропорттон кармап,Тажикстандын аймагына негизсиз киргизбей жаткан учурлар көбөйгөнүн маалымдады.
30-сентябрга карата Бишкек Душанбеден кыргызстандыктар үчүн өлкө аймагына кирип-чыгуу тартиби өзгөргөнү тууралуу эч кандай билдирме алган эмес.
“Мындан улам жагдайдын себеби аныкталгыча кыргызстандыктарды Тажикстанга түз да, транзит менен да барбай, ал жактан чыкпай турууга чакырат”, — деп айтылат маалыматта.
Элчилик укугу бузулган же туура эмес мамилеге кабылган кыргызстандыктар үчүн ыкчам байланыш телефондорун жарыялады:
+996 551 312 000 — КР ТИМинин Консулдук департаменти;
+992887782223 — Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги.