БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кечээ ИИМ билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди колго түшүрдү. Маалыматка ылайык, министр ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алды деп шектелүүдө. ИИМ ата мекендик ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын дээрлик бардыгы Бейшеналиев пара алышы мүмкүн эмес дешүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги министрдин таржымалын сунуштайт.
Алмазбек Бейшеналиев 1981-жылы 2-июнда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн. Ал Нарындагы "Сапат" лицейин бүтүрүп, беш окуу жайда, анын ичинде Германиядагы PH-Ludwigsburg педагогикалык университетинде билим алган. Кыргызстанда жана чет мамлекеттердеги окуу жайларда окутуучу болуп иштеп, Жонс Хопкинс университетинде илим-изилдөө жана окутуу боюнча чакыртылган профессор болуп эмгектенген.
Бейшеналиев педагогика илимдеринин кандидаты, Жонс Хопкинс университетинин профессору, илимий журналдарда жана китептерде 41 жергиликтүү жана 23 эл аралык макаласы жарык көргөн. Төрт илимий басылманын автору.
2017-жылдан 2018-жылга чейин өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы болгон. 2020-жылы билим берүү минстри болуп дайындалып, бир жыл иштеген. Андан кийин Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы өкүлү, Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп жүрдү. 2022-жылы кайрадан министрлик кызматка келген.
Бейшеналиевдин тушунда беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан алынып, сынак менен кайра тандалган. Ошондой эле ал Кыргызстандын билим берүү системасына 12 жылдык окууну киргизүүнү сунуштаган. Кыргыз, орус, немец, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.