2 млн. сом... "Манастан" IPhone 14 PRO телефондорун мыйзамсыз алып өтмөк болушкан

Бул аппараттардын болжолдуу баасы 2 116 500 сомду түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Iphone 14 PRO үлгүсүндөгү 15 телефонду Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган адам аныкталды. Бул тууралуу Бажы боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.
Iphone 14 PRO үлгүсүндөгү 15 телефонду Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган адам аныкталды
Окуя 17-сентябрь күнү саат 04:50 чамасында болгон. Анда "Манас" бажысынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүп жатып Дубай — Бишкек каттамы боюнча келген жүргүнчүлөрдүн биринин шектүү жүгүн аныкташкан. Маалым болгондой, бул жүк Россиянын М.Г.О. жаранына тиешелүү болгон. Анын ичинен Iphone 14 PRO үлгүсүндөгү 15 телефон табылган.
"Бул аппараттардын болжолдуу баасы 2 116 500 сомду түзгөн", — деп жазылат маалыматта.
Аталган иш Бирдиктүү реестрге катталып, телефондор тиешелүү органга өткөрүп берилгени кошумчаланды.
Аскердик продукцияны РФтен Кыргызстанга мыйзамсыз ташып турган шектүү аныкталды