ЖМК: кризистен улам эми Эйфель мунарасынын жарыгы эрте өчүрүлө баштайт

Азыр мунарага алтын түс берген 336 прожектор жергиликтүү убакыт боюнча саат 1:00дө өчүрүлүүдө. План боюнча алар мындан ары аттракциондон акыркы конок чыгып кеткенде, тагыраагы, саат 23:45те өчүрүлмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Париж шаарынын мэри Анн Идальго электр энергиясын үнөмдөө максатында Эйфель мунарасын жарыктандыруу убактысын кыскартууну пландап жатат. Бул тууралуу Journal du Dimanche басылмасы жазды.
"Шейшемби күнү эртең менен Анн Идальго Парижде энергетикалык кризистин, кымбатчылыктын жана климаттык өзгөчө кырдаалдын фонунда электр энергиясын керектөөнү кыскартуу планын сунуштайт. Борбордун мэри тарабынан сунушталган чаралардын арасында Эйфель мунарасынын жарыгын эрте өчүрүү дагы каралган", — деп жазды гезит.
Азыр мунарага алтын түс берген 336 прожектор жергиликтүү убакыт боюнча саат 1:00дө өчүрүлүүдө. План боюнча алар мындан ары аттракциондон акыркы конок чыгып кеткенде, тагыраагы, саат 23:45те өчүрүлмөкчү.
Венада миңдеген адам антироссиялык санкцияларга каршы митингге чыгышты. Видео