Жаңы падыша жаңы премьерди кабыл алды. Букингем сарайы жарыялаган видео

Падыша такка жаңы отурса, Лиз Трасстын да кызматка келгенине саналуу күн болду.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Жаңы падыша Карл III Улуу Британиянын жаңы премьери Лиз Трасс менен биринчи ирет жеке жолугушту.
Анын видеосун Букингем сарайы жарыялады.
Эске салсак, 8-сентябрда Британия ханышасы Елизавета II 96 жаш курагында дүйнө салды. Ал падышалыкты 70 жыл башкарып, Улуу Британияны эң узак жетектеген монарх болуп калды. Карл III — Улуу Британиянын кийинки падышасы, Елизавета IIнин уулу, учурда 74 жашта. Буга чейин ал таажынын мураскери болуп келген.
Ал эми Британиянын мурдагы ТИМ башчысы Лиз Трасс 5-сентябрда премьер-министр болуп дайындалган.
ЖМК: Уильямдын падышалык милдеттери көбөйүүдө