Чүйдө куткаруучулар араб кесиптештери менен тажрыйба алмашууда. Сүрөт

Машыгууга катышуу үчүн Араб Эмирлигинен 11 куткаруучу келген. Кызматкерлер тоо шартында иштөө тажрыйбасын арттырат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Чүйдө ӨКМдин куткаруучулары чет элдик кесиптештери менен тажрыйба алмашууда. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Машыгууга Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн куткаруучулары катышууда. Тагыраагы, Араб Эмирлигинен 11 кызматкер келген.
1 / 3

Чүйдө ӨКМдин куткаруучулары чет элдик кесиптештери менен тажрыйба алмашууда.

2 / 3

Машыгууга Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн куткаруучулары катышууда.

3 / 3

. Тагыраагы, Араб Эмирлигинен 11 кызматкер келген.

Машыгуу 19-августка чейин Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында жайгашкан Куткаруучуларды даярдоо борборунда өтөт.
Анда кызматкерлер өрт өчүрүүдө жана куткаруучулукта колдонулуучу техника жана жабдуулар менен таанышып, өз ара пикир алмашат. Кызматкерлер тоо шартында иштөө тажрыйбасын арттыра турганы белгиленди.
Кыргыз артиллеристтери Казакстанда өтчү сынакка катышуу үчүн жөнөп кетти. Сүрөт