Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны азайды

Жыл башынан тарта берилген микрокредиттердин басымдуу бөлүгү Ош облусуна туура келди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Өлкөдө 2022-жылдын биринчи кварталында чакан насыя берүүчү уюмдар тарабынан 8,8 миллиард сом өлчөмүндө кредит таратылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Кредит алгандардын саны 152 миң адамга жакындады. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 9,8 пайызга аз, ал эми берилген насыянын көлөмү, тескерисинче, 3,4 пайызга өскөн.
Микрокредиттер Ош облусунда (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 25 пайызы) көп берилген. Экинчиде 15тен пайыз менен Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусу турат.
Үч айда берилген насыялардын жалпы көлөмүнүн 39 пайызга жакыны керектөөчүлүк муктаждыктарга, 31 пайызы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды. Соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө берилген микрокредиттердин үлүшү 12,5 пайыз, курулушка алты пайыз кетти.
2022-жылдын январь-март айларында микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,2 пайыз төмөн болуп, 91 пайызды түздү.
Айыл чарбасы үчүн жеңилдетилген кредитти жыл башынан бери канча дыйкан алды