ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчылары катышкан форум алгачкы ирет өткөнү турат. Буга чейин 2019-жылга пландаштырылып, бирок коронавирус пандемиясынан улам болбой калган. Бул тууралуу Данил Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, форумдун негизги максаты — уюмдун алкагында бирдиктүү экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү карап, өркүндөтүү.
"26-27-майда борбор калаада Евразия экономикалык биримдигинин форуму өтөт. Быйыл аталган уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары катышкан мындай форум биримдиктин тарыхында алгачкы ирет өткөнү турат. Андан сырткары, байкоочу макамындагы Өзбекстандын президенти катышуусу күтүлүүдө. Форумдун, негизи эле биримдиктин негизги максаты — мүчө мамлекеттердин экономикасын өнүктүрүү, башкача айтканда, экономика жаатындагы гана иштерди алып барат. Аталган ири иш-чарада мына ушул маселелер каралып, мындан ары уюм алкагында мүчө мамлекеттердин бардыгынын экономикасына оң таасир эте турган бирдиктүү иш-аракеттерди жасоо багыттары талкууланат", — деди Ибраев.
Ал ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки аткарылчу долбоорлорунда чоң-чоң пландар бар экендигин кошумчалады.