Кыргызстандын банктарында депозиттер азаюуда

Январь айында эсептердеги депозит жана каражаттын көлөмү 11,1 миллиард сомго кыскарып, бул көрүнүш февраль айында сакталган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-март — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстандын банктарындагы депозиттин көлөмү 2,8 миллиард сомго кыскарганын Улуттук банктан маалымдашты.
Бул көлөмдүн бардыгы "депозит" катары көрсөтүлгөн, бирок ага эсептердеги акчалар дагы кирет. Статистика юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин каражаттарын камтыйт.
Январь айынын аягына карата депозиттердин көлөмү 231 миллиард 868,1 миллион сомго жеткен. Бир айдан кийин бул көрсөткүч 229 миллиард 30,7 миллионду түздү. Төмөндөөнүн себеби айтылган жок. Бирок маалыматтарды талдай турган болсок, депозиттердин бир катар категориясы боюнча көлөмү өскөн, ошентсе да юридикалык жактардын эсептериндеги акча каражатынын көлөмү 6,1 миллиард сомго азайганы көрүнүп турат.
Белгилей кетсек, январь айында коммерциялык банктардагы депозиттин көлөмү дээрлик 11,1 миллиард сомго кыскарган. Улуттук банк муну сезондук фактор менен түшүндүргөн.
500 миң доллар салган инвесторго кыргыз жарандыгын берүү мыйзамы демилгеленди