Россия менен Кытай коопсуздук жаатында кызматташууну сүйлөштү

Эки мамлекеттин дипломаттары бейшемби күнү жолугушканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук маселеси боюнча атайын өкүлү Чэн Гопин менен Россиянын Кытайдагы элчиси Андрей Денисов коопсуздук жаатында эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөштү. Бул маалымат Кытайдын ТИМинин расмий сайтында жазылганын РИА Новости кабарлады.
Маалым болгондой, дипломаттар бейшемби күнү жолугушкан.
Тараптар Кытай-Россия мамилеси, коопсуздук, террорчулукка каршы күрөшүү боюнча эки тараптуу кызматташуу тууралуу пикир алышканы кошумчаланды.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ банктары акчаны юань, КМШ өлкөлөрүнүн валютасында салууну сунуштоодо